Кыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөт
Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жеринен жолугушат
22.03.2022 | 12:38
Жогорку Кеңештин депутаттары 22-марттан 26-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу бул жумада парламенттин жана комитеттердин жыйындарын өткөрүү пландалган эмес.
Учурда Жогорку Кеңеште жалпы 89 депутат иш жүргүзүүдө, Свердлов округ боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.
№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. 9-мартта БШК талапкердин каттоосун жокко чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом