Кыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгынАКШ «Беш Көз» чалгын альянсына Украина боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды берүүнү чектеди
Кыдыргычов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду
25.03.2022 | 15:59
Исламбек Кыдыргычов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 24-мартындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Салык кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык, Руслан Суйналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
И.Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында эмгектенген. Салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат