Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Талас шаарынын тургуну «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартты
27.03.2022 | 10:06
Талас шаарынын тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунун жактоочусу болуу менен жаңылыштык кетиргенин жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартканын мойнуна алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, I.T.B 2003-жылы Хизб ут-Тахрирге жалданып, кошулган. Бул убакыттын ичинде ал тыюу салынган адабияттарды уюштурууну жана таратууну пропагандалоо менен активдүү алектенген.
«Учурда УКМК «Хизб ут-Тахрир» РКУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда», – деп жазат басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом