Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жол берилбейт

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жол берилбейт

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-кеңешмесинин Протоколунун аткарылышы, анын ичинде өз ара жүк ташуу, жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын Кыргызстандын аймагынан Казакстанга, Россияга өтүүсү жана артка кайтуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар бир катар макулдашууларга жетишти, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында, Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына жол бербөө, эсепке алынбаган товарларды ташып келүү жана чыгаруунун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү, ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жок болгон учурда, бул транспорт каражаттары Кыргызстандын аймагына кайтарылууга тийиш экендиги боюнча макулдашуулар орун алды.

Өз ара жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана аны тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>