Кечээ, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Талас облустук башкармалыгына заманбап өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы өрт өчүрүүчү унаалар облустагы өрт кырсыктарын жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Заманбап жабдылган техникалар муктаждыгына жараша ӨКМдин облустагы башкармалыктарына бөлүнгөн.
Унааларды тапшыруу учурунда Талас облусунун жетекчиси Бакытбек Нарбеков да катышты.