Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Жазгы талаа иштерине канча күйүүчү май керектелери айтылды
29.03.2022 | 14:43
Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине орто эсеп менен 40-41 миң тонна дизель майы керектелет. Бул тууралуу бүгүн айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
Анын айтымында, керектүү көлөмдүн 72%ы дизель майы менен камсыздалды.
“Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервден 5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май сатып алууга каражат бөлүнүп, учурда кампада турат. Жеткиликтүүлүк боюнча ажиотаж болбойт”, – деп ишендирди министрдин орун басары.
Ал кошумчалагандай, аймактарда дизель майынын орточо баасы 1 литрине 62-63 сомдон сатылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика