Үй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитти
Таласта фермерлер сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылууда
30.03.2022 | 10:37
29-мартта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган элүү чакты таластык фермер нааразычылык акциясына чыкты. Алар менен президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков жолукту.
Фермерлер учурда бир литр сүттү 30 сомдон өткөрүп жатканын, бирок азык түлүктүн баасы көтөрүлгөнүн билдиришти.
Президенттин облустагы өкүлү элдик комиссия менен сүттүн баасын жана сапатын текшерүү керек экенин, ортомчуларды азайтуу максатында бардык райондорго сүт ташыган унааларды алуу зарылдыгын айткан.
Талас облусунда жеке менчик алты сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом