COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Араванда талаштуу чек ара тилкесинде Өзбекстан жол куруп жатат
30.03.2022 | 10:28
Ош облусунун Араван районунун Керкидан тилкесинде эки күндөн бери Өзбекстан жол кура баштады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров билдирди.
“Бул тилке боюнча делимитация, демаркация маселеси боюнча эки өлкө ортосунда комиссия түзүлгөн. Алар биз тараптын макулдугу менен гана курулушу керек. Кечээ дагы тиешелүү жетекчилерге айтылды болушу керек, бул жолдун курулушун токтотуп турушубуз керек. Ушул маселени тиешелүү жактарга жеткирип барыңыз, биздин уруксаатыбыз жок жол курбасын”- деп президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат