Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы
Жалал-Абадда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
30.03.2022 | 17:14
Жалал-Абадда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-март күнү милицияга 31 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал бейтааныш жигит коркутуу жолу менен 20 миң сомун тартып алганын айткан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине ылайык “Каракчылык” боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2013-жылдын 27-июнунда катталган.
Кылмышка шектелип, Чаян деген каймана ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган 28 жаштагы шаар тургуну кармалды.
Бүгүнкү күндө анын ачыла элек оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар