Муфтият: Эмдөөдөн орозо бузулбайт

Муфтият: Эмдөөдөн орозо бузулбайт

Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы COVID-19га каршы республикалык штабга билдирген.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.

Ошондой эле, эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши керек болсо, орозону токтото турууга мүмкүн. Бейтап оорудан  толук айыгып чыккандан кийин орозону кармашы керек.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгиледи.

Быйыл  Рамазан айы 2-апрелден башталмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>