“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсиз
Москвада 24 жаштагы кыргызстандык жаранды бычактап кетишти
12.11.2019 | 11:59
Москванын так ортосундагы ооруканадан бычакталып каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык “Москва” жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына таянып жазды.
“11-ноябрга караган түнү Шелепихинск көчөсүндөгү ооруканадан эркек адамдын бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 24 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн табышкан. Ал денесинен жана оң бутунан бычакталган”, – деп жазылат маалыматта.
Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, маркумга кара курткачан жана кара баш кийим кийген азият түспөлүндөгү эки адам бычак сайган. Полиция бул факты боюнча текшерүү баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар