Фарходбек Алимжанов жасалма диплом боюнча айыптоолорго жооп берди

09.04.2022 | 14:15

Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов жасалма диплом боюнча айыптоолорго жооп берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына диплому менен кошо документин тапшырып жаткандагы сүрөтүн жарыялады.

“2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин аяктап, бакалавр даражасын алдым. Дипломумду жактоо учурунда менин диссертациямдын темасынын айланасында окутуучулар менен абдан кызуу талкуу болду, ал эмгегимди азыркыга чейин эстеп жүрүшөт.  2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистратураны аяктадым”-деди.

Ушул тапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диломдору толугу менен текшерилип жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун («Альянс» фракциясы) дипломдору жасалма деген шек саноосун айткан.

 

Scroll to Top