Сауд Аравия ажылыкка 1 миллион кишиге гана уруксат берди

Сауд Аравия ажылыкка 1 миллион кишиге гана уруксат берди

Сауд Аравия COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өтпөгөндөр менен 65 жаштан өткөн карыяларды ажылыкка барууга тыюу салды. Бул туурасында Аль-Жазира телеканалы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Сауд Аравия соңку эки жылга салыштырмалуу бул жылы падышалыктын ичинде жана сыртында бир миллион адамга ажылыкка барууга уруксат берет.

Чет өлкөдөн келген зыяратчылар Сауд Аравиясына келээрге чейин 72 сааттан кеч эмес  ПЦР тесттен өтүшү керек. Ошондой эле Меккеде коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлөт.

Ажылык Ислам дининде мүмкүнчүлүгү бар бардык мусулмандар үчүн өмүрүндө бир жолу аткара турган парз. Ал ушул жылдын июль айында болору күтүлүүдө . Ар бир өлкө үчүн уруксат берилген сан квота системасына ылайык аныкталат.

2021-жылы COVID-19 пандемиясынан улам, бир нече миң кишиге гана ажылыкка барууга уруксат берилген.  Пандемияга чейин жыл сайын 2,5 миллионго жакын адам Сауд Аравияга ажылыкка барчу.

Тэги: ажылык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>