19-мартка карата аба ырайыИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырды
Арзыбек Кожошев Москвада жүрөт
13.04.2022 | 16:52
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-пленардык жыйынына катышат, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин Төрагасы катары Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат