Чек арадан өтүү үчүн 180дей жүк ташуучу унаа кезекте турат

20.04.2022 | 10:47

Казакстан менен чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» постунда унаа тыгыны жаралууда. Чек арадан өтүү үчүн 180дей жүк ташуучу унаа кезекте турат. Чоң-Капка постунда 60, Чалдыбарда 35ке жакын, Кең-Булуңда 30 унаа турат.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.

Scroll to Top