Бермет Барктабасова гемодиализ боюнча мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун түшүндүрдүСаламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамды куткарган КММАнын студентин сыйладыКыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталдыНоокенде жергиликтүү дыйкан, багбандар үчүн транспорттук-логистикалык борбор курулатЫсык-Көлдөгү форумда РКӨФ аркылуу 800 млн долларлык макулдашууларга кол коюлатАКШнын мамкатчысынын жардамчысы Пол Капур Кыргызстанга келет
Сулайманов: Депутаттар министрлерге чалса, телефонун албай жатат
20.04.2022 | 10:32
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламентте депутаттар министрлерге телефон чалса, такыр көтөрбөй жатканын парламенттеги президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго айтып, сынга алды.
“Президент министрлерди чакырып убара кылбагыла, орун басарлары келет, тийиштүү суроолорго ошолор жооп берет, бүт иштерди ошолор бүтүрөт деди эле. Биз президенттин айтканын сыйлап, аларды көп чакырбай, бирок телефон аркылуу маанилүү маалыматтарды алып коёлу десек кээ бир министрлерибиз телефонун албай жатат. Ушуга көңүл буруп, телефонго жооп берип кой деп коюңузчу”, – деди Сулайманов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат