Бүгүн Дүйнө чемпионатына тандоо турундагы Кыргызстан — Жапония беттешин Сауд Арабиядан келген калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.
Оюн 14-ноябрда саат 17:15те Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башаталат.
Беттеште башкы калыс милдетти Мохаммед Аль-Хойш аткарат, ага Фахад Аваедх, Алумри жана Хешан Альрефаи жардам беришет. Шукри Хуссайн Альхунфуш кошумча калыс болот.