ИИМ: Саймаити Кыргызстандын жасалма паспортун Сузак районунан алган

ИИМ: Саймаити Кыргызстандын жасалма паспортун Сузак районунан алган

Кытай жараны Айеркен Саймаити Кыргызстандын жасалма паспортун Сузак районунан алган. Бул туурлуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Ал кыргызстандын жараны 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөн. 

Эки жыл мурун 1988-жылы тулган кытай жараны милицияга арыз менен кайрылып,  Саймаитиге карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда ал 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Кара-Суу районундагы базардан акча каражаттарын жана 3 миллион 28 миң сомдук товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн.

Мындан сырткары Саймаити А.А. аттуу жаранга ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен.

Жогорудагы фактылар боюнча Айеркен Саймаитиге “Алдамчылык” жана “Жасалма паспорт колдонуу”  беренелери менен иш козголуп, эл аралык издөөгө алынган.

Белгилей кетсек, «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>