Аскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалдыЭнергетика министри эмнеге Кыргызстанда жарыктын өчүрүлүшүнө дагы 2,5 жыл “чыдоого” туура келерин түшүндүрдү«Сахарово» борборунда 160 кыргызстандык кармалып турат — Акыйкатчынын өкүлү кабар алдыТокмокто «элдик дарыгер» алдамчылыкка шектелип кармалдыПсихотроптук дарыларды ташып келип, сатып жүргөн. Бишкекте фармацевт кармалдыШайлоо алдында айрым талапкерлер Өкмөт аткарган иштерди өзүнө ыйгарып жатат – администрация
Орозо айт күнү белгиленди
20.04.2022 | 17:56
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2022-жылдын 2-май, дүйшөмбү күнү Орозо Айт майрамы деп белгиледи. Бул туурасында Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”- деп буйруган (Сахих муслим 1081)
Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар