Боливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылдыКыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Орозо айт күнү белгиленди
20.04.2022 | 17:56
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2022-жылдын 2-май, дүйшөмбү күнү Орозо Айт майрамы деп белгиледи. Бул туурасында Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”- деп буйруган (Сахих муслим 1081)
Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар