Кыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталдыНАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодоЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырдыАйыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалды
Талас: “Чоң-Капка” өткөрүү пунктунда Казакстанга өтө албай унаалар кезекте турушат
21.04.2022 | 10:40
Талас облусунун аймагынан “Чоң-Капка” өткөрүү пунктунан Казакстанга өтө албай жүздөй автоунаа өтө албай турушат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламент жыйынында билдирди.
Ал унаалар менен кошо жөө жүргүнчүлөр чогуу өтүп жаткандыктан ошол маселе жаралып жатканын белгилеп, анын жанындагы “Кичи-Капка” өткөрүү пунктун жөө жүргүнчүлөр өткөрө тургандай кылып Казакстан тарап менен сүйлөшүп, чечип берүүнү өкмөттөн суранды.
Муну менен жергиликтүү тургундар үчүн соода-сатык иштерин жасап жакшы болот эле дейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат