Кадамжайда милиция чек арага чектешкен айылдарды кыдырды

Кадамжайда милиция чек арага чектешкен айылдарды кыдырды

Баткен облусунун Кадамжай райондук милиция Халмион айыл аймагынын чек арада жайгашкан Ынтымак, Өрүкзар, Чекелик, ошондой эле Алга айыл аймагынын 63 км алыстыктагы тоолуу Шыбыран айылына барып эл менен жолукту. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, элет жеринде кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарда жайгашкан жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам берет. Бул аймакта жайгашкан жергиликтүү тургундардын негизги көйгөйү социалдык жактан болуп, балдардын пособия маселеси, сугат суунун жетишсиздиги боюнча кайрылуулар көп түштү. Милициянын көчмө кабылдамасына катталган кайрылуулар, жыйналып тийиштүү мекеме-ишканаларга кат жолдонуп, өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>