«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Олег Попиков дайындалды
10.05.2022 | 15:24
Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Ырсалиев Жамалбек дайындалды.
Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Вице-мэрлик кызматка Попиков Олег Владимирович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматтын кеткенин Reporter.kg′ге мэриянын басма сөз кызматы тастыктаган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат