Бишкекте 2 маршруттук линия башка компанияга өттү

Бишкекте 2 маршруттук линия башка компанияга өттү

№ 35 жана № 41 автобустук каттамдар тейлөө башка компанияга берилди. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы аталган ишкана менен түзүлгөн №35 жана №41 «Шыдыр жол КЖ» автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузду.

Келишим ташуучу тарабынан системалуу түрдө бир тараптуу бузулган.

Эске салсак, ишкана иштеги кемчиликтерди, тактап айтканда, кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу боюнча өз милдеттерин жана талаптарын аткарган эмес. Шаардыктар линияда №35 жана №41 маршруттук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан.

Аталган компаниянын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошентип, 2022-жылдын 11-майынан тартып  “Шыдыр Жол KG” жогорудагы линияларды тейлөөнү токтотот.

Жарандарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин «ЭкоПассенджер Транспорт» ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>