Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Нарында “Курут” фестивалы өтөт
10.05.2022 | 17:42
Эртең, 11-майда Нарын шаарында “Kurut-fest 2022” аталыштагы улуттук “Курут” фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, фестивалдын максаты – улуттук ашкананы жайылтуу, сактоо жана өнүктүрүү, Кыргызстандын туристтерди тартуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу, жаштарды маданий салттарга тартуу, конокторду улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу.
Фестивалдын алкагында куруттун жана улуттук суусундуктардын түрлөрү көргөзмөгө коюлуп, музыкалык программалар тартууланат жана катышуучулар арасында сынактар уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом