Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына Мадяров Тимур Мысырович дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Тимур Мадяров 1978-жылы 20-июлда Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылында туулган. Жогорку билимдүү: 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “юриспруденция” адистигин бүтүргөн. Атайын наамы — Финансы полициясынын полковниги. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы класстык чендеги кеңешчиси.
Эмгек жолу:
— 2000-2008-жылдары — финансы (салык) полициясында ар кандай оперативдүү-тергөө жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн: тергөө башкармалыгынын (КР СФП) начальниги;
-2008-2010-жылдары — Президенттин Администрациясы – эксперт;
— 2010-2015-жылдары — Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы — төраганын аппарат жетекчиси; эл аралык кызматташтык кызматынын жетекчиси; Штабдын начальниги;
— 2015-2018-жылдары — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы), Ыкчам башкармалыгынын начальниги; Штабдын начальниги;
— 2018-2020-жылдары — «Айыл Банк» ААК — аудитор; комплаенс кызматкери;
— 2020-2021 — Өкмөттүн Аппараты, чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти;
— 2021-2022-жылдары — Президенттин Администрациясы, региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы; Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын инспектору;
— 2022-жылдын 27-апрелинен баштап Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.