Тимур Мадяров Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары болду (өмүр баяны)

Тимур Мадяров Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары болду (өмүр баяны)

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына Мадяров Тимур Мысырович дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Тимур Мадяров 1978-жылы 20-июлда Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылында туулган. Жогорку билимдүү: 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “юриспруденция” адистигин бүтүргөн. Атайын наамы — Финансы полициясынын полковниги. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы класстык чендеги кеңешчиси.

Эмгек жолу:

— 2000-2008-жылдары — финансы (салык) полициясында ар кандай оперативдүү-тергөө жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн: тергөө башкармалыгынын (КР СФП) начальниги;

-2008-2010-жылдары — Президенттин Администрациясы – эксперт;

— 2010-2015-жылдары — Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы — төраганын аппарат жетекчиси; эл аралык кызматташтык кызматынын жетекчиси; Штабдын начальниги;

— 2015-2018-жылдары  — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы), Ыкчам башкармалыгынын начальниги; Штабдын начальниги;

— 2018-2020-жылдары  — «Айыл Банк» ААК — аудитор; комплаенс кызматкери;

— 2020-2021 — Өкмөттүн Аппараты, чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти;

— 2021-2022-жылдары — Президенттин Администрациясы, региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы; Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын инспектору;

— 2022-жылдын 27-апрелинен баштап Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>