Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилди
ЖОЖдор менен колледждердин дипломдорун даярдоого 16,5 млн сом жумшалат
14.05.2022 | 11:30
Жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын дипломдорун даярдоого жана персонификациялоого 16 миллион 575 миң 920 сом жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.
Маалыматка ылайык, тендерди санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялаган. Жогорку билим жөнүндө 40 миң 145, орто кесиптик билим жөнүндө 29 миң 629 диплом басылышы керек.
Мындан тышкары, техникалык тапшырмада белгиленгендей, «пландан тышкаркы объектилердин» тизмеси бар: жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн академиялык сертификаттар, дубликат дипломдор, үч тилдеги дипломдор жана бузулган документтерди кайра тариздөө. Алар окуу жайларынын иш жүзүндөгү керектөөлөрүнө жараша аткарылат, ал эми аларды өндүрүү тендердик тапшырманын наркына кирбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика