ИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелетАдылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугуштуКыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койдуКУУнун окутуучусу бешинчи ирет Азия чемпиону болду — окуу жай жеңишти белектер менен белгиледиЭрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту
ЖОЖдор менен колледждердин дипломдорун даярдоого 16,5 млн сом жумшалат
14.05.2022 | 11:30
Жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын дипломдорун даярдоого жана персонификациялоого 16 миллион 575 миң 920 сом жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.
Маалыматка ылайык, тендерди санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялаган. Жогорку билим жөнүндө 40 миң 145, орто кесиптик билим жөнүндө 29 миң 629 диплом басылышы керек.
Мындан тышкары, техникалык тапшырмада белгиленгендей, «пландан тышкаркы объектилердин» тизмеси бар: жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн академиялык сертификаттар, дубликат дипломдор, үч тилдеги дипломдор жана бузулган документтерди кайра тариздөө. Алар окуу жайларынын иш жүзүндөгү керектөөлөрүнө жараша аткарылат, ал эми аларды өндүрүү тендердик тапшырманын наркына кирбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика