Ысык-Көлдө Казакстан менен болгон чек ара пунктунун иштөө убактысы 21:00гө чейин узартылдыКыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары кызматташтыктын жаңы долбоорлорун талкуулашты«Мэрче тамчылатып сугаруу» — Бишкектин автобустары жамгыр сыноосунан өтпөй калдыТаиланддан Кыргызстанга 7,5 килограммдан ашык марихуана алып кирүүгө аракет кылышканКРСУ бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн резервдик күндөрдү жарыяладыАфганистандагы селден 40 ашуун адам каза болду
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
14.05.2022 | 11:20
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
14-15-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жайт.
«Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы коммуналдык жана энергетиктердин ишин кыйындатат», – дейт министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом