Көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

19.05.2022 | 08:52

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-майда саат 16:40 чамасында милицияга Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз өзүн таштоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, боюн таштоого аракет кылган 2004-жылы туулган Б.Э., аттуу кыздык куткарышкан.

Кыз үй-бүлөлүк чырдан улам мындай кадамга баргандыгын айтты. Азыркы учурда андан ары тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн кызды Ленин райондук ИИБне жеткиришүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

 

Scroll to Top