ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте эл аралык музей күнү кандай белгиленди?
19.05.2022 | 10:14
Бишкек шаарында кечээ, 18- майда эл аралык музей күнү бардык музейлерде салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаралар атайын даярдалган программалар менен уюштурулуп, “Музейлер касиети” деген чакырыктын алдында өттү.
Иш-чаранын ачылышы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманованын катышуусу менен Улуттук тарых музейинде өттү.
Ушул сындуу иш-чара Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде, М.Фрунзе музейинде да уланды.
Программага ылайык, аталган музейлер бул майрамдык күнгө карата түнкү саат 23:00 чейин жарандарды акысыз кабыл алышты.







Рубрики: Жаңылыктар, Коом