Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Баткенде 1 млн сомдук энергетикалык ичимдиктерди ташып бараткандар кармалды
19.05.2022 | 09:59
Баткен районунда аткезчилик жүк менен ташылып бара жаткан 6060 банка энергетикалык ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, УКМК ЧК кызматкерлери менен биргеликте “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унааларынын айдоочулары Б.Н. жана С.М. кармалган.
Алар жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жатышкан.
Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.


Рубрики: Жаңылыктар, Коом