Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Сузакта мугалимден токмок жеген окуучу боюнча министрлик үн катты
25.05.2022 | 21:30
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу кызга кол көтөргөн мугалимдин иши боюнча комиссия түзүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү эртең окуя болгон мектепке барышат.Окуя Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинде 23-майда орун алган. Анда информатика сабагынан мугалим 7-класстын окуучуларына сабак берип жаткан. Учурда Сузак РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлдү. 26-майда комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар