Сузактагы мугалим эмне себептен окуучуга кол көтөргөн? Жооп

Сузактагы мугалим эмне себептен окуучуга кол көтөргөн? Жооп

Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Тыныч Үсөнов Турмуш басылмасына  мектеп директоруна байланышып, анын айткандары боюнча маалымат берген экен.

Директордун айтымында, информатика сабагынан сабак өтүп жаткан учурда видеодогу окуучу башка окуучуну түртүп жибериптир.  Мугалим “сабак өтүп жатсам, басып жатасың”- деп ачууга алдырып жибериптир. Биз эртең менен мектепке барып, жеринде териштиребиз. Эгерде окуучунун күнөөсү жок болсо, анда мугалимге Эмгек кодексинин 381-беренеси боюнча чара колдонуусу мүмкүн. Бул берене боюнча мугалим бир жолу зомбулук көрсөтсө, эмгек келишим токтотулат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат”-деди.

Социалдык тармакта мугалим окуучуну сабаган видео тараган. Маалыматтарга караганда, окуя 23-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  Бөкөнбаев орто мектебинде болгон. Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген болчу.

Сузакта мугалимден токмок жеген окуучу боюнча министрлик үн катты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>