Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик бар
27.05.2022 | 14:28
Кыргызстанда чет өлкөлөргө ишке орноштуруу 117 жеке агенттик бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган бөлүмдүн башчысы Кудайберген Базарбаев жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер менен жолугушкан.
«Рынокто жеке агенттиктердин иштөө динамикасы жыл сайын өсүүдө. Эгерде 2014-жылы жумуш менен камсыз кылуу рыногунда 11 гана компания иш алып барса, бүгүнкү күндө өлкөдө 117 ишкана иштеп, алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарды иш менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүдө», – деди Кудайберген Базарбаев.
Министр кошумчалагандай, 2021-жылы жеке агенттиктер аркылуу 3254 адам жумушка орношкон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом