Дарыгерлерге убадаланган компенсация качан толук төлөнөт?

Дарыгерлерге убадаланган компенсация качан толук төлөнөт?

Пандемия маалында коронавирус жана пневмания менен ооруган медициналык кызматкерлерге азыркыга чейин компенсация төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева 26-майдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иш учурунда коронавирус менен ооруп калган медиктерге компенсация бөлүп берүү маселеси 2021-жылы каралып баштаган.

“Эмне үчүн медициналык кызматкерлерге азыркыга чейин компенсация төлөнүп бериле элек. Короновирус күчөп турганда дарыгерлер оор кырдаалда иштешкен. Бул маселени тезирээк чечүү керек”, — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты  Чолпон Султанбекова дагы айрым алыскы райондордун дарыгерлерине пандемия учурунда каралган компенсациялар төлөнбөй жаткандыгын айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган болчу.

Белгилей кетсек, өкмөт республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлгөн. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин ошол учурдагы төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>