Күн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды
Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды
30.05.2022 | 13:40
Туманбаев Каныбек Тургунбекович президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, К.Туманбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Батырканов Тилек Карыбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин иш башкаруучусу ээлеген кызматынан бошотулду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат