Айыл чарба министрлигиндеги жемкорлук канал аныкталды

Айыл чарба министрлигиндеги жемкорлук канал аныкталды

Айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатында уюшкан топтун мыйзамсыз иштери токтотулду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Ата мекендик айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө өткөрүү жол-жоболорун талдоонун натыйжасында, аталган башкармалыктын айрым кызмат адамдары жеке бизнестин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алуу жолу менен, айыл чарба продуктыларын республиканын чегинен тышкары жерлерге тоскоолдуксуз ташып чыгууга багытталган уруксат кагаздарын мыйзамсыз тариздөө үчүн акчалай сыйлык түрүндө мыйзамсыз киреше алуу үчүн туруктуу канал уюштурушканы аныкталды.

Ошондой эле экспорттоого айрым гана компаниялардын укукка ээ болгону, алардын    коррупциялык иштерге аралашканы, ошону менен катар өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды төлөбөгөнү ачыкка чыкты.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй-Бишкек Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын кызматкерлери Дж.Г.К. жана «Дж.А.М.», ошондой эле жеке бизнестин өкүлдөрү X.A.X, Х.Ш.Х. жана Э.М.К. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>