Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Кара-Кулжада тургундун эки кабаттуу үйү, унаасы өрттөнүп кетти
02.06.2022 | 09:37
Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургундун эки кабаттуу үйү жана жеңил унаасы күйүп кетип, өзү жаракат алды.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Кулжа айылында аянты 232 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен, жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын чатыры 108 чарчы метр жана “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен эркек киши (1959-жылы туулган О.А.) жабыркап, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын техникалык колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал