Бишкекте Айкөл Манаска арналган жаңы монумент ачылдыСадыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөт
Эл аралык турнир: Ж.Шаршенбеков, А.Азисбеков коло медаль утушту
03.06.2022 | 09:16
Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде эки медалга ээ болушту.
2-июнда Алматыда 2022-жылдын экинчи рейтингдик турнири башталды. Биринчи мелдеш күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу килемге чыкты.
Турнирдин коло байге ээлери Жоламан Шаршенбеков (63 кг чейин) жана Атабек Азисбеков (87 кг чейин) болушту. Амантур Исмаилов (67 кг чейин) менен Бексултан Махмудов (97 кг чейин) коло үчүн күрөштө утулуп, 5-орунга ээ болушту.
Куттубек Абдыкерим уулу (60 кг чейин), Дастан Кадыров (63 кг чейин), Калы Сулайманов, Халмурат Ибрагимов (67 кг чейин) жана Мелис Айтпеков (87 кг чейин) медалсыз калышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт