Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Келинине болушкан: Нарындын тургуну өз атасын өлтүрүп салды
08.06.2022 | 13:41
Нарын облусунда адам өлтүрүүгө шектүү делип 46 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облустук ооруканадан милицияга 71 жаштагы адам бычактан жаракат алып түшкөнү маалымдалган.
“Алыш айылынын К.Т. аттуу тургуну мас абалында үйгө келип, аялы менен уруша кеткен. Шектүүнүн атасы келинине болушкан учурда К.Т., атасын бычак менен жүрөк тарабына сайып жиберген. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен, бирок аны милиция кызматкерлери кийинчерек кармашкан.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал