Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Орусияда кыргызстандык унаасы менен окуучуну сүзүп алган
08.06.2022 | 14:06
Санкт-Петербургдун Василеостровский районунда жашы жете элек бала жабыркаган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө.
78.ru маалымат порталынын укук коргоо органдарындагы булагы маалымдагандай, 7-июнь күнү саат 14:15те Наличная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанындагы короодо 30 жаштагы Кыргызстандын жараны Kia Rio унаасын айдап баратып, тротуардан жолдун четине чейин велосипед тээп бара жаткан 3-класстын окуучусун сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы бала ар кандай жаракаттар менен орточо оор абалда ооруканага түшкөн. Кырсык болгон учурда анын жанында чоңдор жок болгон. Окуя текшерилүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар