Москвада сабалган кыз соцкызматкерлердин көзөмөлүндө

Москвада сабалган кыз соцкызматкерлердин көзөмөлүндө

Москвада туугандары тарабынан сабалган он жаштагы кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн адистери тарабынан зомбулукка кабылган кызды жеке коргоо боюнча иш план түзүлдү. Өспүрүм Кыргызстанга кайтып келген.

Кыздын 41 жаштагы атасы жана 33 жаштагы апасына кызын тарбиялоодогу милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө.

Эске салсак, Москвада он жаштагы кыргызстандык кызды туугандары ур-токмокко алган. Ата-энеси кызын Москвага таежесинин балдарын караганы жөнөткөн. Кыз көптөгөн жаракаттарды алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>