Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак
18-июнга карата валюталардын расмий курсу
18.06.2022 | 09:50
Кыргызстандын Улуттук банкы 18-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, сом еврого карата төмөндөп, рубль менен теңгеге карата бекемдеди.
Бир сутка ичинде доллардын сомго карата расмий курсу анча деле өзгөрбөй, 79,5011 сомду түздү.
Евро сомго карата 1,03%га кымбаттап, 83,6352 сомду түздү.
Рубль бир күндө 0,75%га арзандап, 1,3813 сомго бааланды.
Теңгенин сомго карата курсу үчүнчү күндөн бери төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө казак валютасы 1,06%га арзандап, 0,1779 сомго бааланды.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика