ТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак
ИИМдин (Ички иштер министрлигинин) басма сөз кызматы билдиргендей, ТИМдин (Тышкы иштер министрлигинин) мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу иши боюнча айып тагылды.
14-апрелде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Мекеменин маалыматына ылайык, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ТИМдин мурдагы жетекчилери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
«Тышкы иштердин экс-министри А.Ч.А. кызматта турган мезгилде министрликтин айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз сарптоо, чыгашалардын айрым беренелерин ашыра көрсөтүү, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тиешелүү документтер менен ырастабастан же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды тиешеси бар (аффилирленген) түзүмдөр аркылуу өздөштүрүп алуу фактылары орун алга», — деп түшүндүрүштү ИИМден.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголду.
Айдарбековго айып тагылып, ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.