Бишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууландыСоода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттүБишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулатЖогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдүОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду
СИЗОдо “Айыл банктын” мурдагы төрагасы асынып алды
18.06.2022 | 12:26
Коррупцияга шектелип кармалган «Айыл Банк» ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын СИЗОсунда асынып алды. Бул тууралуу “24.kg” укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Бакыт Асанбаев бүгүн эртең менен өз камерасында асынып алган. Анын сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан табылган.
«Бакыт Асанбаев апрель айында кармалган. «Айыл Банкта» анын эмгек келишими бүтүп, жаңы келишим түзүлгөн эмес. Айрым маалыматтар боюнча, сөөк азыр өлүкканада», – деп билдиришкен өздүк булак.
Эске салсак, коррупция фактысы боюнча ага кылмыш иши февраль айында козголгон. Ошол эле учурда «Айыл Банк» ААКнын кызматкерлери да кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом