Башкы прокуратура: СИЗОдо асынып өлгөн айыпталуучу боюнча текшерүү жүрүүдө

Башкы прокуратура: СИЗОдо асынып өлгөн айыпталуучу боюнча текшерүү жүрүүдө

УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучунун өзүн өзү асып каза болгондугу боюнча текшерүү жүргүзүүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-июнунда 102 кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу А.Б. өзүн өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестирине катталып, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, УКМКнын СИЗОсунда асынып алган жаран Коррупцияга шектелип кармалган «Айыл Банк» ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев экени айтылууда.

СИЗОдо «Айыл банктын» мурдагы төрагасы асынып алды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>