Ошто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттү
Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан айдоочу каза болуп, төрт адам жабыркады
23.06.2022 | 10:16
Жайыл районундагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек —Ош унаа жолунун 84-чакырымында МАN жана “Мерседес-Бенц Гигант” оор жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1983-жылы туулган С.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 эркек киши жабыркаган (Алар – 2000-жылы туулган С.А., Ш. уулу Т., А.У. жана 2007-жылы туулган К.Б. аттуу өспүрүм).
Куткаруучулар каза болгон кишинин сөөгүн унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери алып кеткен. 3 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом