Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Бишкекте маршруттук унаада жүргүнчү кыз эсин жоготуп жыгылды
27.06.2022 | 10:37
Бишкек шаарында коомдук транспортто жүргүнчү кыз эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу журналист Назгүл Мамытова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, окуя бүгүн 27-июнда болгон.
“№ 203 маршруткадан бир кыз эсин жоготуп жыгылды. Кайдыгер эмес жарандар алып түшүп, аялдамага жаткырып тез жардам чакырышты. Кыргызстандын тез жардамы жеткиче нерв чыдабай кетет го чиркин ай! Алып кетишти кызды. Маршруткалардын люктары өтө кичине, айнектери ачылбайт! Мээ кайнаткан ысыкта картошка жүктөгөнсүп тыгып алышат! Кыскасы бардык тармакта бардак! Көзөмөл кылган бир жан жок! Эмне үчүн маршруткалардын айнектери ачылбайт! Дагы канча киши эсин жоготуп жыгылыш керек?! Же сөзсүз эле өлүш керекпи?! “ – деп жазган ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом